www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына түштүк аймактан кара куурай ташыган топтун иши ачыкка чыкты, деп билдирди бүгүн, 27-январда ИИМдин басма сөз кызматы. Операцияны Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.

Расмий маалымат боюнча, Токтогул РИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери 27-январга караган түнү саат 00:30 чамасында Токтогул шаарындагы Ош—Бишкек жолунан мурда каракчылык үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды кармашкан. Анын жанынан кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай жыты бар зат табылган.

«Ошондой эле кара баштыктын ичинде гашиш жыттанган, кочкул-жашыл түстөгү, скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат чыккан. Бул заттын жалпы салмагы 2 кг 788 граммды түздү», - деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости