www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эртеби-кечпи баарыбыз салыктан кача албай калган абалга келебиз", - деди бүгүн, 27-январда NazarNews маалымат агенттигине экономист Сейдалы Мырзакматов.

- Сейдалы агай, жаңы салык кодесин бири мактаса. Бири сындайт. Сиз кайсыл тараптын пикирин кубаттайсыз? 

- Жаңы Кодекс менен мен деле эл сыяктуу толук тааныша элекмин. Администрирование жакшырат деп ойлойм. Бирок, өкмөт салыктын баары майда, орто ишкерлерде жатат салыктар деп ойлоп алышты. Бул алардын идеясы, ККМ орнотобуз баарына дегенден эле көрүнүп турат.

Салык жыйнаган жакшы, ошол эле мезгилде, экономикалык активдүүлүк, социалдык абал деген маселелер да, майда ишкерлерден чогултулган салыктар кээде пайдадан көрө зыян алып келет. Мисалы, соцпротесттер, алардын массалык банкрот болуусу. Салыктарды ири ишкерлерден толук чогулта баштаган күндө гана, калган жалпы эл макул болот, бизде КРда баары эле көрүнүп турат.

Мисалы бир товардык позицияны, айталык бир чоң шаарда, ашып барса беш-он киши, же компаниялар алып келишет, калганы бүт ошолордон алып сатышат. Алардын канча төлөп жатышканын, алуучулары билишет да, салыкчылар андан бетер.

Акыйкаттык жана ачыктык менен салык төлөтө алганга жетише алышса, эртеби-кечпи баарыбыз салыктан кача албай калган абалга келебиз. Азырынча айтаарым ушул гана. Кудай буйруп, кодекс менен таанышсам, калганын дагы талдап айтып берем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости