www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон талибдерге каршы согушта коалициялык күчтөр менен кызматташкан оогандарды эвакуациялоонун ордуна жаныбарларды жана британ кызматкерлерин эвакуациялоо тууралуу чечим чыгарган.

«Ал эми оппозиция Тышкы иштер министрлигинин ички иликтөөсүнөн кийин Жонсонду бул ирет да калп айтты деп айыптаган», деп жазат британиялык Independent гезити.

Беллгилей кетсек ,буга чейин Жонсон Ооганстандан абадан эвакуациялоонун приоритеттерин өзгөртүүгө буйрук берген өзү экенин айткан. Бирок ички иликтөөнүн жыйынтыгында премьер-министрдин катчысы Труди Харрисон жетекчисинин жеке уруксатын шылтоолоп, эвакуацияны ишке ашырган департаменттер менен чартердик компаниянын ортосунда кызматташууну уюштурганы аныкталган.

«Ал жаныбарларды алып кетүүгө артыкчылык берүүгө укугу жок болчу, ал эми биздин куралдуу күчтөрдө иштеген оогандар [союздаштары] ал жерде калышты», - деди британ лейбористтик депутаты Жон Хили.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости