www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкек» СЭЗге жетекчи болуп келген Кудрет Тайчабаров буга чейин кадимки журналисттердей эле аз айлык алып, тирилик кылган жазмакер эле.
Бир учурда эле Москвага кетип, таксист болуп жүргөнүн эшитип калдык. (Ар кимдин техникасын алыштырып-чалыштырып ийгенин айтпай эле коёлу. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун уулунан кымбат баадагы фотокамерасын алып, бербей, бул укук коргоо органдарына чейин жеткени боюнча маалымат бар).
Анан эле революциянын алдында азыркы бийликти колдомуш эткен блогер болуп чыга келди. Багына ал кишилер бийликке келип калып, бул жигиттин көктөн издегени жерден табылып, Олжолуу орунга олчоюп отуруп калды.
Алгач ишкерлер «эми иштеп көрсүн, көрөлү» деп мыйыгынан жылмайышкан экен. Тилекке каршы, азыр улуу муундагы ишкерлер «көрбөгөндүн көргөнү курусун» деп оор үшкүрүнүп жатышыптыр. Анткени, кылган иштери кадимки коррупциялык системалык жолго оогондугу билинип калыптыр.
Тактап айтканда, СЭЗдин жетекчилиги кайсы бир ЖЧКга 2-3 млн сомго аймакка ангар курдуртуп алып, эми акчасын бербей айлаларын алты кетирип жатышыптыр. Көрсө, мурдагы СЭЗдин жетекчилери келишимди «ана-мына түзөбүз» деп жатып камалып кетишкен экен.
Ал ишкерлик кылууга жарактуу ангар учурда да турат. Канча жыл мурун курулган ангардын арендасын Тайчабаровдун дирекциясы алып келген жана азыр да алып жатат. Келишим түзүлсө, салып берген ишкердин кеткен чыгымын дирекция төлөп бериши керек.
Бирок, булар ишкерден сый-акы же пара күтүп жатышабы, айтор, «көптөн бери ал ишкерди кыйнап, мүмкүн болбогон шарттарды коюп, айласын алты кетирүүдө» дешет ошол жердегилер.
Муну көргөн айрым ишкерлер «Бишкек» СЭЗден тезирээк кетпесек, биз да бир күнү мындай көз боëмочулуктун курмандыгы болуп калабыз го» деп коркуп жатышыптыр. ОсОО «Ветоторес» ишканасын СЭЗден шаарга чыгарып кетсе, ал эми түрк бизнесмени Жейхан ишканасын сатып, Түркияга кетип калыптыр.
Булак: Азия News гезити