www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-октябрга караган түнү Бишкектин Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан “Паво” бильярд клубунун күзөт кызматкерин ошол клубдун кардарлары сабап жаткан видео тарады.
“NazarNews” маалымат агенттиги жабырлануучунун бир тууган иниси Руслан Ботокановго байланышып, окуя тууралуу маалымат алды. Руслан Ботокановдун айтканына караганда, агасы Б.К. азыркы тапта 4-шаардык ооруканасында жатат.
- 60 жаштагы агамды “Паво” клубунун кардарлары сабап кетиптир. Агам оор абалда. Дарыгерлер тамчылатма дары куюп жатышат. Бир көзүнөн кан куюлуп көрбөй калды. Мындан сырткары баш мээси чайкалып, башына кан куюлуп кеткен.
Сабап кеткендер кармала элек. Кимдер экени дагы белгисиз. Биз бул тууралуу милицияга эртең менен саат 10:30дарда чалып кабарлаган элек, милиция кызматкерлери 16:30дарда гана келишти, -дейт жабырлануучунун иниси.
Булак: NazarNews.kg