www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен камакка алынган кытайлык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы бир жылга соттолушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Дархан Дилманов билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары айыпталуучулардын кытай-казак чек арасынан өтүүсүнө жол берген кызмат адамдары, анын ичинде чек ара тозотунун башчысы менен командири жоопкерчиликке тартылышы керек.

Эске салсак, октябрь айынынын башында Кытайдан качып келгенин айткан Мусаханулы менен Алимулы Алматыдагы миграциялык полицияга баратканда кармалган. 15-октябрда алар Кытай менен чектешкен Чыгыш-Казакстан облусундагы Зайсан шаарына жеткирилген. Учурда алар Өскемен шаарындагы тергөө абагында кармалып турушат.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы Кастер Мусаханулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы 1-октябрда Кытайдын мамлекеттик чек арасынан өтүшкөн. Алар кытай-казак чек арасынын ортосундагы бейтарап аймакта беш күн жүрүп, 6-октябрда Чыгыш Казакстан облусунун Шиликти айылы аркылуу Казакстанга келишкен.

Алар Кытайдын өлкөдөгү аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзүп жаткан саясатына чыдабай, үй-бүлөлөрүн таштап, качып кетүүгө аргасыз болгонун айтышкан. Кастер Мусаханулы 14-октябрдагы маалымат жыйынында Шинжаңдагы “лагерде” болгонун, ал жерде ур-токмокко кабылганын айткан.

29-октябрда адвокат Бауыржан Азанов кытай жарандыгына ээ Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулына качкын макамын алууга жол ачкан күбөлүк бериле турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости