www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Астрахань облусунун Алча айылында Танзиля Бисембеева аттуу кемпир 125 жаш курагында каза болду. Ал ушул жылдын январь айынан бери дүйнөдөгү эң кары адам катары эсептелип келген. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Танзиля Бисембеева  Астрахань облусунда төрөлгөн, улуту казак.

Танзиля жөнүндө орус басылмалары 2016-жылы жазып чыккан, анда ал 121 жашта болчу. Анын уулу апасынын  ден соолугу 120 жаштан кийин гана начарлай баштаганын, акыркы жылдары керебетте жатып, тез чарчап, көп уктап калгандыгын айткан. Ал эми анын синдисинин айтымында, эжеси 100 жашка чыкканга чейин бир да жолу медиктерге кайрылбагандыгын билдирген.

Танзиля 1896-жылы төрөлгөн, башынан улуу революцияны, эки согушту, Советтер Союзунун түзүлгөнүн жана кулаганын өткөргөн. Биринчи баласын 1953-жылы төрөсө, кичүү баласын 57 жашында төрөгөн.

Балдары “Апакебиз ар дайым күлүп, шайыр, мээримдүү жүрчү. Ал эч качан оор жумуштан каччу эмес, ар дайым кыймылда болуп турчу жана ысык мончого көп түшүп, түнкүсүн бир маал жылуу сүт иччү”, -деп апасынын узак жашаганын айтып беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости