www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул видео кече 13-январда, Фейсбуктагы “💓Сүйүктүүлөрүм💓💏” аттуу тайпага чыгыптыр. Аны көргөн адам сүйүнөөрүн же ыйлаарын билбейт. Себеби ал, “Ушундай автобусуңар барбы😃😃😃”, - деген текст менен коштолуп берилген. 

Автор бул видеону жарыялардын алдында кичинекей бөбөктөрдү бир кичинекей унаага батырганын мактанайын дебегендир. Балким балдарды бала бакчага ташый турган чоңураак унаанын жоктугун маселе кылып, көйгөйдү көтөргүсү келгендир. Андыктан видеону жарыялаган Жээнбек Жолдошов аттуу Фейсбуктун колдонуучусуна жеке кат жиберип жооп алууга кызыктык.

Бирок биздин бул көрүнүш кайда, качан тартылганы тууралуу кызыгуубуз жоопсуз калды. Эми ал автордун өзүнө таандык себептери болсо керек.

Ал эми ошол эле видеопосттун алдындагы комментарий жазгандардын көбү бул көрүнүшкө таң калгандарын жашырышкан жок. Айрымдары балдарды “пресстеп” салышканын байкап, кырсык тууралуу маселе көтөрүшсө, тамаша кылып, каткырган быйтыкчаларды калтырышкандары дагы жок эмес.

ВИДЕО-https://www.facebook.com/100025112624144/videos/583586952488387/

Булак: NazarNews.kg

Последние новости