www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан менен Россиянын чек арасында калып кеткен өзбек жарандары өз бийлигине нааразычылыгын билдиришти. Алар видеокайрылуу жасашып, кыргыз жарандарын алып кетип жаткан кыргыз бийлигине суктанып: "кыргыз бийлигинен үлгү алгыла, карагылачы, кыргыздар кандай бактылуу" деп автобуска чыгып жаткан кыргыз мигранттарды да тасмага тартып алышкан. 

"Кыргыз бийлиги 2 миңдей мигрантынын баарын алып кетишти. Туура, биздин деле бийлик алып кетти, бирок баарын эмес. Булар алыста келе элек мигранттарын да жол карап, күтүп жүрүп алып кетишкенин өз көзүбүз менен көрдүк.

Биздин 250 депутатыбыз эмен кылып жатат? Президентибиз августка чейин алып кетебиз деген. Азыр деле ушул жердебиз, качан алып кетесиңер? Кыргыздар кандай бактылуу, дароо алып кетишүүдө. Суук түштү, үшүп жатабыз. 

Силер эмне Казакстан менен сүйлөшө албай жатасыңарбы? Анда кыргыз бийлигинен кеңеш сурасаңар, кантип сүйлөшүшкөнүн айтып беришет. Кыргыз бийлиги бизден көп жарандарын алып кетишүүдө. 3 миңден алып кетип жатышыптыр, бизде деле акча бар, кудайга шүгүр. Алып кетсеңер биз деле акчасын берели. Биз Өзбекстандын жарандарыбызбы же жокпу?!", - деп суроо салышкан алар.

Эске сала кетсек, кечээ кыргыз бийлиги аталган чек арага 43 автобус жиберип, 2456 мигрантты алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости