www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков 2020-2023-жылдарга карата Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриянын, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти. 

Мындан тышкары отурумда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Бишкек шаарынын айланасындагы калктуу конуштарды газдаштыруу ишинин жүрүшү жана Бишкек ЖЭБин оңдоодо аткарылган жумуштар талкууланды. Ишканага өлкөнү газдаштыруу  боюнча иштерди ылдамдатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу киргизилди.  
Онлайн режиминде өткөн жыйындын катышуучулары ошондой эле борбордун от казандарын жаратылыш газына өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков абага чыккан зыяндуу заттарды азайтууга багытталган милдеттерди жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Күз-кыш мезгилинин жакындап келаткандыгына байланыштуу Бишкекти жана анын айланасын каптаган түтүн маселеси актуалдуу бойдон калууда, бул өзгөчө кыш мезгилинде байкалат. Абанын булганышы адамдын ден соолугуна жана иммунитетине терс таасирин тийгизет. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен, Иш-аракеттер планынын пункттарын кайра карап чыгуу жана бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша иш-чараларды жүзөгө ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрүн белгилөө боюнча сунуштарды киргизүү керек. Кыска мөөнөттүн ичинде абага чыккан зыяндуу заттарды азайтып, аны тазалоодо конкреттүү натыйжаларга жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо шарт», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга Бишкек ЖЭБ оңдоо ишин өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө бүткөрүү, зыяндуу заттардын абага ташталуу деңгээлин жана аталган обьекттеги пайдаланылган отундун сапатын тийиштүү көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости