www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми айдоочулук күбөлүктөрдү жана мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугу багатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактама кагазы талап кылынбайт.
ЖКККББнын демилгеси менен жоголгондордун ордуна жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын жоголгон же уурдалган мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында 10-июлда Өкмөттүн токтому менен кийинки өзгөртүүлөр киргизилди:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун 61-пунктунун сегизинчи абзацы «Автотранспорт каражатынын каттоо белгиси жоголгон жери боюнча же автотранспорт каражатынын жайгашкан жери боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан берилген маалым каттын» жокко чыгарылды;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомунун 46-пункту «Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда ушул Эрежелердин 43-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылбагандыгы жөнүндө маалымкаты берилет» жокко чыгарылды.
Булак: NazarNews.kg