www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы чырга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

«6-августта Согдий облусуна караштуу Исфара районундагы Ходжаи айылында жолугушуу болду. Ага Кыргызстан тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Тажикстан тараптан Согди облусунун губернаторунун орун басары, аймактагы чек ара кызматтарынын жана эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты», - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө октон жаракат алып, натыйдажа каза болгон Тажикстандын жараны тууралуу тажик тараптын маалыматы такталды.

Жолугушуунун катышуучулары чырга байланыштуу эки факт боюнча иликтөө жүргүзүү чечимин кабыл алышты: Кыргызстандын октон жаракат алган чек ара кызматкери жана Тажикстандын октон алган жараатынан каза болгон жараны боюнча.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек арадагы жана анын аймагындагы жаңжалдарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча тараптын биргелешкен аракеттерин күчөтүү, жаралган маселени ыкчам чечүү максатында жолугушууларды уюштуруу маселеси айтылган.

Ошондой эле тараптар чек ара аймагында жашаган тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости