www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Башка өлкөлөр Кыргызстанга жакындыгысы келбей, жардам бергиси келбей калышты”, -деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

--“Барыбызга белигилүү болгондой 2020-жылы күз айларында Кыргызстанда абдан көп өзгөрүүлөр болгон. Ошого байланыштуу тышкы саясат менен дагы сөзсүз чоң өзгөрүүлөр болгону байкалды. Мамлекеттеги кырдаалга байланыштуу башка мамлекеттер бизге болгон инешичтери кетти. Буга саясий туруксуздук алып барды. Тышкы саясатты ички саясаттын уландысы болот. Тышкы саясаттын багыттары бар. Мисалы, Орусия, АКШ жана Кытай сыяктуу өлкөлөр менен тең мамиледе болуу дегендей.

Ал эми буга чейин Алмазбек Атамбаевди президент болуп турган учурда Америка базасын чыгарып кеткен. Ошондон бери Орусиягы ыктаган мамлекет катары эсептелип келебиз. Азыркы тышкы саясаттын солгундаганына ички саясат себеп болду. Себеби, Кыргызстандагы ар кандай окуялар, ички өзгөрүүлөр түшүнүксүз жолдор менен болууда. Мындан улам башка өлкөлөр Кыргызстанга жакындыгысы келбей, жардам бергиси келбей калышты”, - дейт эксперт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости