www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 10-майда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети тарых музейинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейди оӊдоп-түзөө иштери жана сарпталган акча тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, музей 2016-жылы 25-майда жабылган. Музейди реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Андан тышкары Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) калыбына келтирүү иштерине 15 млн доллар берген, ал каражат имараттын сыртын жасалгалоого жумшалган.
Ошондой эле тарых музейинин «Vitrinen-und Glasbau REIER» немис компаниясына 225 миӊ евро карызы бар экени айтылды. Аталган компания музейге эмерек, экспонаттарды койгон. Музей толугу менен электрондук башкарууга өткөрүлгөн. Учурда программаларынын ачкычтары жогоруда аталган немис компаниясында. Аларга карыз төлөнгөндөн кийин музей иштей баштары белгиленди.
Талкууда депутат Кожобек Рыспаев аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү тез чечүүнү сунуштады.
«Vitrinen-und Glasbau REIER» компаниясына 225 миӊ евро карызды мамлекеттик органдар бири-бириӊерге жүктөбөй, баарын биргелишип чечкиле», - деди ал.
Депутат Бейшенаалы Нурдинов оңдоп-түзөө иштери бүтпөй жатып чекесинен урай баштаган тарыхый мекемени оӊдогондордун ишин сынга алды.
«Иштин башталышы же аягы жок, чаржайыт, таман таштары сынып, суу өтмөктөрү бузула баштаптыр, имаратты оӊдогондор жоопкерчиликке тартылсын», - деди ал.
Эл өкүлдөрү 5 жылдан бери реконструкциялоо иштери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата ишке киргизүү керек экенин белгилешти.
Комитет кийинки отурумга тарых музейин оӊдоого катыштыгы бар бардык кызмат адамдарын жана ТИКАнын өкүлдөрүн чакырып, чогуу талкуулоо чечимине келишти.
Булак: NazarNews.kg