www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 928,67 млн доллар, анын ичинде Кытайга 1,7 миллиард долларды Атамбаев президент кезинде дайны жок карыз болгонбуз. “Кумтөргө” болушуп учурунда Атамбаев Наристе Калчаев сыяктууларды жалган шылтоо менен каматкан. Бүгүн алар чындыкты тактап Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан "Кумтор Голд Компани" мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 сом төлөп берсин деген чечим чыгартты.
“99дар” Кумтөрдүн биздеги “лакейи” “Кыргызалтынды” тейлейби?
Аттиң, май-талканга жаңы тоюп чалчаңдайын деген Кумтөр боюнча парламенттик комиссияны жетектеп турган Жапаровго жаман болду бекен? Анткени, бир топ акчалар капчыгына түшпөй, мамлекетке түшкөнү калбадыбы. Жапаров Акылбек “Кумтөр” боюнча комиссияны жетектеп, “Кыргызалтынды” чамгарактатып өзү билип, өтүгүн төргө илип калган. “Кыргызалтындын” өзүнүн мамлекет башчыларына 300-400 миллион долларлык ставкасы бар. Бул Акаевден бери келе жаткан жөрөлгө. Азыркы бийлик буга көңүл бурууга чамасы жок. Ошондуктан, бул “ырыскыны” чамасы башка бирөөлөр кыйтыңдатып жаткандай. Акыркы мезгилде, “Кыргызалтын” акционердик коомун холдингге айлантабыз деген жыландын тили соймоңдоп чыга баштады. Албетте, бул жерде «Кыргызалтын» акционердик коомунун миллиардаган мүлкү жатат. Акылбек Жапаровдун «ал» деп койсо, жамбашын үзө тиштеген овчаркадай «99» наамында «Кыргызалтындын» менеджери бар. Азыр «Кыргызалтында» Акылбек Жапаров менен «99»дун түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы.
“Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” ким бийлик башына келсе куда-сөөк боло калып, капчыгын калыңдатып, инилерин чоң мансапка жетелеген Жапаров Акылбек деген бар. Жээнбековдор менен куда болгону калганда ал бийлик кулап, Садыр Жапаровго кеңешчи боло калган. Аны майлайм деп бир-топ күн жоголуп кетип, аз жерден мамлекет башчысынын каарына калып кала жаздаган. Президентке кеңешчи болор менен бир инисин “ГСИНди” тейлетип көзү тойгон жок. Жапаров Акылбек инисин таластыктардан 240 миң долларга сатып алып, өзү аз жерден кулагына “бирка” бастыра турган убак артта калган. Кокус эми Баткенге барса, анын кылып жаткан иштери үчүн баткендиктер эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбеши чындык.
«Кумтөр» кантип жегичтердин ордосуна айланган?
Бирштейндин көзүн кызарткан «Кумтөргө» келели. Кыргызстандын кен байлыктарына көзүн арткан «Сиабеконун» артынан өлкөнүн экономикалык айдыңында «Камеко» компаниясы пайда болот. Айрым маалыматтарга караганда, «Кумтөргө» барчу жолдун «арыгын» дал ушул «Сиабеко» чаап келген. Чынында «Камекодон» башка компаниялардан дагы кен байлыкты иштетүү боюнча сунуштар түшүп турган. Маселен, «Грайнберг Продакшн Корпорейшн» компаниясы «Кумтөр» кенин иштетүүдө Кыргызстанга – 80%, фирмага – 20% менен консессияга берүү сунушун билдиришкен.
Аскар Акаевдин ишенимине кирген Бирштейн биздин өлкөбүздөн өзүнүн учагы менен 1 т. 634 кг.31 гр. алтынды ташып чыгып кеткени, коррупциянын башаты болгон. Ошол учурда ар кандай куру убадаларды берип жүрүп, бийликтин «койнуна» киришти билген, алтын өндүрүшүнүн «А»сын билбеген далдалчы-ортомчу Бирштейн кыргыздын бир жарым тоннага жакын алтын күкүмүн тогуз рейс менен Швейцарияга ташып кетүүгө үлгүргөн. Бул баалуу продукция Өкмөттүн макулдугу жок эле, Президент Акаевдин оозеки тапшырмасы менен ташылып кеткен.
Бирштейндин башкы максаты, кандай гана жолдор менен болбосун «Кумтөр» алтын кенин колго алуу болгон. Ал кездеги «легендарлуу» парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов башкарган депутаттык комиссия иликтеп чыгып, нечен ирет маселе койгон экен. Эч кандай бажы жана башка тийиштүү төлөмдөрүн төлөбөй, менчик учагы менен ташылып кеткен алтындын күкүмү аффинаждалып, Кыргызстанга кайра ташылып келбей, «Сиабекого» таандык «Вико» компаниясы аркылуу Бирштейндин Швейцариядагы «Индосуэц» банкында 1 миллион 634 миң 315 грамм (1 т. 634 кг.31 гр.) алтын сакталат. Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Чынгышев Бирштейндин Швейцариядагы «Вико» компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгына чектелбеген мөөнөткө мүчөсү болуп шайланат. Эмне үчүн Өкмөт башчысы, болгондо дагы чет өлкөдөгү жеке менчик компаниянын директорлор кеңешинин башкармалыгына мүчө болууга кызыкты экен? Эгемендүү мамлекеттин өкмөтүн башкарган адам, Бирштейндин жеке компаниясынын чиновниги болуп калган. Ошондогу депутаттык комиссиянын тыянагы боюнча ар бир жөнөтүлгөн партиядан алтындын күкүмүнөн 10 кг. жакын алтын дайынсыз жок болгонун тактап чыгышкан.
«Кыргызалтындын» андагы президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Сарыгуловдон: “60 кг. жетпей калганы, бизде тараза иштебей калып, КРАЗдын кузовуна канча батат, ошо менен эсептегенбиз. Разница бар...» - деп кутулуп кеткен. Бул иш боюнча убагында Дастан Сарыгулов баш болгон жетекчилердин бириси дагы жоопкерчиликке тартылган эмес. ЖКнын депутаты Дастан Сарыгулов парламентте маселе көтөрүп, «Камекону» колдобоого чакырат. «Камеко» боюнча Дастан Исламовичтин бул сунушу дагы «суу кечпей» калат. Өкүнүчтүүсү, Дастан мырза арадан эки-үч ай өтүп-өтпөй, Канадага барып келгенден кийин теңирден тескери сүйлөп, кылымдын аферасын колдой баштайт. Ал гана эмес КРАЗдын кузову менен өлчөп чет өлкөгө алтын ташыган Д.Сарыгулов «Кумтөрдөгү» алтын ылгоочу комбинатты курууда канадалык компания долбоордо каралган суммадан бир канча ашык каражат коротконуна кайыл болуп, «көзүн жумуп», Кыргызстанды кошумча 175 600 00 доллар төлөмөр кылып койгон.
Ошентип, «Сиабеко» таптап жүргөн компания Кыргызстанга келет. Аныгы, Премьер-министр Турсунбек Чынгышев Бирштейндин компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгынын мүчөлүгүнө дайындалгандан кийин 1992-жылдын 4-декабрында «Кумтөр» кенин канадалык «Камеко» фирмасына берүү жөнүндөгү генералдык келишимге Кыргызстандын Өкмөт үйүндө эмес, алыскы Канаданын Торонто шаарында кол коет.
Насирдин Исанов каза болгондон кийин Өкмөт башчылыгына келген Турсунбек Чынгышев өз докладында “Камеко” компаниясын түзүк эле жактайт. 1992-жылы 4-декабрда Торонтодо кол коюлган генералдык келишимдин шарты боюнча, “Продукциянын үчтөн экиси Кыргызстанга, үчтөн бири компанияга калат: проектини аткаруу үчүн керек болгон финансы каражаттары толугу менен фирма тарабынан каржыланат. Бир тыйын дагы республикадан кетпейт, анын ичинен 45 млн. доллары кайра кайтарылган шарттар менен сарп кылынат...» деп көп нерсени убада кылат.
«Камеко» Канадада жайгашкан. Үч өлкөдө –Түштүк Африкада, Австралияда, Канадада «Камеконун» 48% акциясы Канаданын өкмөтүнүкү, 52% жеке компанияныкы. Ушундай ишенимдүү экен. Абдан авторитеттүү, солидный, высокопрофессиональный, анан мунун өзүнүн акчасы бар. Ары-бери акча издебей эле өз акчасын иштетет экен...” - деп байдын кызындай эле мактайт.
Келишимдин “мандемдүү” экени ушул жерде көрүнүп турат, окурман. Биринчиден, келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөн. Экинчиден, башка компаниялардын сунушу эске алынган эмес. Тармактык министрликтердин макулдугу, геолог, юрист, экономист жана башка тиешелүү тоо кен адистеринин пикирин эч ким уккан эмес. Башкы келишиге кол коюуга Кыргыз Өкмөтү тарабынан Т.Чынгышев, өнөр жай министри Э.Өмүралиев, анан эксперт катары Акаевдин кеңешчиси еврей Л.Левитан катышкан. Ал эми парламенттик комиссиянын корутундусундагы маалымат боюнча “Камеко”тарабынан Торонто шаарында иштеген кызматы көрсөтүлбөгөн эки адам кол койгон. Мөөрү дагы басылган эмес. Ушундай белгисиз адамдар катышкан шектүү келишим кылым аферасына жол ачып берген.
Алтын кенин иштетүүнү максат кылган Башкы макулдашуу ушинтип эле башынан бузулган. Аны так аткарууну талап кылууга милдеттүү адамдар, тескерисинче, канадалыктарды колдоп жүрүштү. Ошо кездеги Өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышевди колу менен «чок карматкан» Президент Аскар Акаев билмексен болуп отурганынын жөнү бар экен, көрсө. Себеби, келишимде каралган «үчтөн эки Кыргызстанга, үчтөн бири «Камекого» тиешелүү» дегени өндүрүлгөн продукция эмес, түшкөн таза пайданын үлүшү экенин көпчүлүк биле берген эмес. Бул жерде депутаттардын дагы башын айландыруу аракети болгон. Ал деле көпкө созулбады. Келишимдин «мандеми» билинип калып, «легендарлуу» парламентте атайын депутаттык комиссия түзүлүп, көптөгөн «былыктарды» сууруп чыга баштаганда, Президент Аскар Акаев демилгени колго алып, парламенттик комиссиядан кутулуунун аргасын табат.
Ал парламентте күнөөнү Бирштейнге артып, аны менен кызматташууну токтотконун, ал убадаларын аткарбаганын айтып, чет элдик фирмага ишенип комитет түзгөн катасын мойнуна алат. «Өкмөттүн алтын өндүрүү боюнча программасы жок», деп, Премьер-министр Турсунбек Чынгышевди министрлер кабинети менен кошо кызматынан кетирген. А. Акаев кандайдыр бир себептерге таянып, ар кандай жолдор менен бирине кылмыш ишин козгоп, бирине кызмат, бирине сыйлык берип дегендей, Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу максатына жеткен. Баарынан кызыгы да ошол учурдагы Кыргызстандын Башкы прокурору А. Шаршеналиев Канаданын Торонто шаарына барып, “мандемдүү” келишимди колдоп, бүтүм чыгарып келгени
Чынгышевдин ордуна Өкмөт башчылык кызматка келген Апас Жумагулов, Чынгышев айткан, башкы келишим боюнча өндүргөн алтын продукциясын бөлүштүрүү жомок экенин ачыктап коет. Ошентип, алтын мафиясына «тиш кайраган» Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиядан кутулган Аскар Акаев канадалык компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн Президенттик кызматын болушунча кыянатчылык менен пайдаланган.
Эми келишимдин юридикалык жагына токтололу. Кумтөр кенин иштетүү боюнча эки тараптуу макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөн эмес. Конституцияда “Эл аралык келишимдер Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилет” деп жазылып турат. Эл аралык келишимдер боюнча мыйзамдын 11-беренесинде, “мейли менчик, мейли чет элдиктер болсун, тоо кендери боюнча иш кылышса, ал келишимдер Жогорку Кеңештен мыйзам катары ратификациядан өтсүн”, деген талаптар бар. Бирок, Аскар Акаев “легендарлуу” парламентти тараткандан кийин, өзүнүн Жарлыгы менен эки тараптуу келишимди ратификация кылганы бизге маалым. Демек, бул ири долбоор “чу” дегенде эле мыйзам бузуулар менен башталган. Ошондуктан, аны башынан эле криминалдуу, көз боёмочулук, шылуундук жол менен түзүлгөн келишим деп айтууга толук негиз бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg