www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кумтөр" боюнча сот өндүрүп бере турган 3,2 миллиард доллар бузулган мөңгүлөрдү кайтарып бере албайт. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди.
--"Экологиялык маселе чынында бар "Кумтөрдү" иштеткен канадалык компания тарабынан экологиялык зыян келтирилип жатканы анык. Мөңгүлөрдү талкалоого такыр уруксат берилбеши керек. Азыр эки мөңгүнү Лысый менен Давыдовду талкалап салды. Анда башка Сары-Төр, Бордуну жана Петров мөңгүлөрүн буздурбай сактап калуунун кепилдиги болушу керек. Нарын суусунда суу аз деп жатабыз, суу ошол жактан келет. Бул - аябай чоң экологиялык катастрофа. Азыр сот өндүрүп бере турган 3,2 миллиард доллар деле ал мөңгүлөрдү кайтарып бере албайт.
Менимче, азыр мөңгүнү талкалаганды токтотуп, жердин асты менен казууга өтүү керек. Мен 2014-жылы Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө мыйзам чыгаргам. Депутаттар колдоп, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койбой койгон. Эгер ошол мыйзам киргенде эмдигиче булар мөңгүнү бузбай, жердин астынан казып калмак", - дейт экс-депутат.
Булак: NazarNews.kg