www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-майда редакциябызга өлкөдөгү коррупцияга белчесинен батып, карапайым элди көзгө илбей жүргөн аткаминер тууралуу жазылган кат келди.

Катта Кара-Балта шаарынын мэри мыйзамсыз байыганы айтылат.

Бизге келген сырдуу катты өзгөртүүсүз беребиз:

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Өлкөбүздүн 30-жылдан бери канын соруп, элдин байлыгын өз чөнтөктөрүнө, туугандарына каттатып байып келген мамлекеттик чиновниктердин көбүн текшерип, аныктап, камаганын камап, мамлекеттин казынасына төлөгөндөрдү төлөтүп жаткан иш аракеттериңизге элдин мүдөөсү толуп турган кези.

Ошого карабастан сиздер, Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич баштаган коррупционерлерди «кустуруу» процесстери тандалма өтүп жаткандай сезилип жатканы эл арасында айтылып келе жатат. Азыркыга чейин Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри коррупционер Шабданов Даниярдын 9-жыл шаарды эбегейсиз башкарып, «өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген убагындагы көптөгөн кылмыш иштерин эмдигиче көтөрбөй келе жатасыңар.

Анын себебин ал өзү мактанып жүргөндөй, Кара-Балта шаарында өткөн президенттик шайлоону Садыр Жапаровдун штабын өз каражатым менен каржыладым деген сөздөрү үчүнбү же адатындагыдай дагы ажообузга жакын кишилердин койнуна кирип алганбы, айтор, суудан кургак чыгып кеткенине элдер таң калууда.

Буга чейин бул Атамбаевдин «шоопур» каймана аты бар Ильмияновдун, андан кийин Асылбек Жээнбеков, Зулпукаровдун этектерине жабышып көнүп калган адам Жапаровдон да «крыша» таап алганбы?

Өлкөдө мамлекеттик жумушта өмүр бою иштеп «миллионер» болгон ушуга окшош коррупционерлерди камайбыз, кустурабыз деген урааныңардан артка тарттыңарбы? 9-жыл мэр болуп «чириген» бай, шаарга бир пайда келтирбей жалаң өзүнүн чөнтөгүнө иштеген киши кычырап 100 миң доллардык жер тандабас Лексус 570 айдап, аялы Лексус 470 тээп, элди тоготпой жүргөнүнө шаар тургундары кыжыры кайнап турган кези.

Чексиз байлыктарын элдин баары билет, Чалдоварда заманбап ат сарайын карасаңар ичинде таза кандуу асыл-тукум күлүктөрү миллион долларга чейин болот деп өзү мактанып жүргөнүн элдин баары билет. Убагында Бишкек шаарында бүткүл кыргыз элине таандык Эркин-тоо типографиясына директордун орун басары болуп шайлана калып, азыркы коррупцияга шектүү болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев экөө жең ичинен приватизация кылып, ошол мекемени бөлүп алышкан.

Азыр ошол ишти да Урматтуу президентибиз көтөрүп баратып эмнегедир токтотуп коюшту. Ошол иштин алкагында эле бул адамды ошол өкүл атасы Иманалиев менен жоопко тартыш керек эле. «Эркин-тоо» типографиясы буларга атасынан калган байлык эмес, ал бүткүл кыргыз элинин байлыгы, азыркы базар баасы 20 миллион ДОЛЛАРдан кем эмес мекемени эмне үчүн ушул эки киши ээлеш керек?!

Данияр Шабдановдун досу «Элит Хаус» деген курулуш компаниясынын директору Тимур Файзиев убагында, Сариев премьер-министр болуп турган мезгилде, чоң акча менен типографиянын имаратын, кыргыз өлкөнүн тарыхый баалулуктагы бар имараттардын катарынан чыгарып ошол жерге үй салып баштаганы жатышкан жеринен иш козголгон.

Ушундай мамлекетке эбегейсиз көп каражаттарга чыгым кылган эргулдарды ушул күнгө чейин камабай жүргөнүңүздүн себебин түшүндүрүп берсеңиз элге.

Шабданов шаар мэри болуп бир элдин мүдөөсүн аткарган жумуш кылган эмес. Шаарда белгилүү жердешинин, шаар тазалоо иштерин жүргүзгөн фирмасы менен 6-7 жыл акча жасагандан башка жумуш кылган эмес.

Убагында Кылмыш жана жазоо кодексинин алкагында 33 иши (ЕРПП) катталган. Шаар депутаттары бир нече жолу ага ишенбестик (недоверие) көргөзүп, өздөрү ошол убактагы Президент Жээнбековго чейин барышып эч нерсе кыла алышкан эмес, анткени, ал Асылбек Жээнбековдун колтугуна кире качкан. Кийин гана октябрь элдик революциадан соң Садыр Нургожоевич келип ошол депутаттардын суранычтарын канааттандырган эле.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Кара-Балта шаары азыркыга чейин Шабдановдон калган «мурастардан» кутула албай келе жатат. Анткени, анын убагында чогулган СДПК партиясынын айрым депутаттары, «Мекеним Кыргызстан» партиясы жана «Элеман» партиялары менен чогулуп шаардагы коррупциялык системаны улантышып келе жатат. Шабданов убагында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Уран Алымкуловго сатып жиберген оорукананы имаратын кайра шаардык муниципалитетке кайрып берүү процесси чоюлуп жатканы ошол эле оорукананын дагы бир чоң имаратын көп жылдан бери «атактуу» депутат Мухабат Токомбаевага ит бекер арендага (жылына 16000сом) берип койгону үчүн жогору жактагы «Береке» базарында эл баса турган тротуар, полисадниктерди өзүнүн кол астындагы депутатка сатып жибергени үчүн эле ага кылмыш иштерин козгош керек эле.

Анын баарын азыркы мэр жана анын командасы жашырып келе жатышат, анткени, алар бир команда болуп алышып, азыркы учурда шаардык мэрияны өзүм билемдик кылып алышкан. Жакынкы арада эле алар мэриянын көп жылдан бери иштеп келе жаткан туруктуу жамаатын ыдыратып, шаар аппаратынын башчысынан баш кылып, вице-мэр, начальник ОМС, жана жөнөкөй кызматкерине чейин басым көрсөтүп, жумуштан кетүүгө аргасыз кылган.

Шабдановдун кол баласын спикер кылып, анын көп жылдан берки ошол коррупцияга кошо колдоп келген кадрларын калтырышкан. Шаардык муниципалдык тазалоо ишканасы «Универсал» да мурунку шаар төрагасы Алмаз Аалыев экөөлөп ээлеп алып, көптөгөн коррупциялык иштерди кылышканы ачык айкын эле көрүнүп калган, ал жердеги техникаларды сатып алуу жана жөн эле свалканы шылтоолоп акча чыгарып кеткен иштери боюнча кылмыш иштери козголуп, бирок белгисиз себептер менен токтоп турат.

2020-жылкы бюджетти депутаттар Шабданов жумушунан кетмейинче кабыл албайбыз деп ультиматум коюшуп 2020-жылдын ноябрь айына чейин тирешүү жүргөн, анан Шабданов кеткенден кийин гана шаардык бюджетти кабыл алышкан.

Ошол убакта Шабданов мыйзам боюнча шаардын бюджетинин 1/12 бөлүгүн эле колдонгондун ордуна көптөгөн мыйзамсыз акча коротууларды кылганын текшерүү убагында эле аныктаса болот. Депутаттар Шабданов мыйзамсыз жумуштан кетирген ОМСтин начальниги Т.Карагуловдун кесепетинен келип түшкөн 1 миллион 600 миң сомдук чыгымды мойнуна илип, казынага төлөп берүү жөнүндө токтом чыгарганына карабай азыркыга чейин төлөбөй келе жатат.

Шаардык мэрияда Шабдановдун убагындагы көптөгөн коррупциялык иштердин баарын калың эл билет, билгени менен биздин күч түзүмдөрүбүз эч кандай аракет кылбай келе жатканы элдин баарын нааразы кылып жатат. Элдин силерге болгон үмүтү үзүлгөнсүп бара жатат.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич жогорудагы жазылган маселелер боюнча Кара-Балта элинин суранычы сизден, өзүңүз катуу көзөмөлгө алып, тергөөчүлөрүңүздү жеке көзөмөл менен карабасаңыз алар келип-кетип, жең ичинде сүйлөшүп иштерди жаап кетип жатышат деген сөздөр болуп жатат.

Биз ойлойбуз ушуга окшогон коррупционерлер, чиновниктер эл астында жазаланып, тиешелүү жасазын алат деп. Антпесе бул акмактар акчаларына таянып, кайсыл өкмөт келсе дагы ичине кире качып, жагалдануу жолдорун таап алышып, кайра эле элди тоготпой жүрүшөт, эмне кыла аласыңар дегенсип.

Эл Жапаров Садыр Нургожоевичке чоң үмүт артып жатат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости