www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Махачкалада май куюучу жайдын жарылуусунан 27 адам каза болду. Бул тууралуу Дагестандын табигый кырсыктар борбору билдирет.

Маалым болгондой, жарылуу 15-августка караган түнү болуп, кырсыктан 27 киши көз жумуп, 66 адам жаракат алган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, трассадагы автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан соң жарылуу болгон.

Жарадарларга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Дагестанга Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын биринчи орун басары келди.

Жардыруудан жабыркагандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын учагы менен Москванын ооруканаларына жеткирилет. Тергөө комитети коопсуздук талаптарын бузгандыктан кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости