www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Көпчүлүк жаш дарыгерлер чет мамлекеттерге кетишүүдө”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.
--“Кыргызстанда канчалаган жаштар медицинаны аяктап жатат. Бирок азыр көпчүлүк жаштар чет өлкөгө кетип калышууда. Буга баягы эле айлык маяна маселеси себеп болууда. Биздин медицина академияда билимдин сапаты жакшы десем болот. Үйрөнүп сыртка кетип калгандардын саны акыркы убакта абдан көбөйдү. Чет мамлекеттерде айлык акы гана эмес баардык шарттар түзүлгөн. Мисалы, бизде заманбап аппараттар жетишсиз. Айрымдары Кыргызстанга келе элек. Кыргызстандан бир канча комплекстер ачылган. Аларда дагы “иштейм” деген жаш мыкты кадрлар жок. Болгону мурдагы дарыгерлер чыдап иштеп жүрөт. Ошону менен ал комплекстерде кемчиликтер бар. Аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр жайгашышы керек болчу. Комплекстерде эс алуу блогу, клиникалык лаборатория, азык-түлүк блогу, кир жуучу жайы каралып, магниттик-резонанстык томограф орун алышы керек эле. Булар дагы ачылбай чала эле ишке берилип жатат. Бейтаптарга дагы жакшы шарт түзүү зарыл”, - дейт экс-министр.
Булак: NazarNews.kg