www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулугу кандай болууда?

- Бизде коррупция менен күрөшүүдө тажрыйба, мыйзам бар. Бирок, ага карабай жалаң ушул коррупциянын айынан мамлекетти талкалоого жол ачылып келген. Мамлекеттик кызматкерлердин баары эле коррупциянын арты менен жашап келгени көрүнүп жатат. Жаңы келген бийликтин шарапаты менен айрымдар камалып, жегенинин бир бөлүгүн кайтарып жатса, өз ыктыяры менен бергендер да болуп жатат. Бирок, жалпылай алсак, коррупция менен күрөштө илең-салаңдык байкалат. Кылдат, мыйзам чегинде иш жүргөн жок. Ушунун айынан ар кайсы жактан акча өндүрүү сыяктуу көрүнүштөр болууда.

- Атамбаевдин азыркы кезге чейин камалып жатышынын себеби эмнеде дейсиз?

- Атамбаевдин кордолуп, ушу күнгө чейин турмөдө кармалганы - бул бийликке аброй алып келген жок. Анткени, ал атайын уюшулган ишараттын негизинде камалды. Буга далил катары Кой-Таштагы мыйзамсыз операцияны айта алабыз. Негизи жаңы бийлик анын бейкүнөө камалганын эске алып, түрмөдөн чыгарып койсо болот эле. Эгер биз ушинтип өз ичибизден ыдырай берсек, ишибиз оңунан деле чыкпайт да. Кечиримдүү болуш керек.

- Негази эле экс-президенттердин баарынын эле тагдыры татаал болду. Бир гана Сооронбай Жээнбеков элге аралашып, экс-президент макамын татыктуу алып жүрөт (Отунбаеваны эске албаганда). Анын артыкчылыгы эмнеде?

- Ооба, азыр Жээнбеков «экс» макамын колдонуп, чардап турган маалы. Анын минтип бааланып жатышына бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп бергени себеп болууда.

- Тышкы саясаттын жүрүшүнө кандай баа берет элеңиз?

- Тышкы саясатта кетирилип жаткан каталардын эң башкы себеби - кадрлардын туура эмес тандалуусу. Бизде кесипкөйлөр эмес, жалаң эле тааныш-туунуштар иш алып барышат. Ошол эле чек араны Ташиев эмес, өкмөт, парламент, тышкы иштер министрлиги жакшылап караш керек эле. Ташиев мыкты жигит, жакшы адам болушу мүмкүн, бирок, ал чек араны чечүүчү кадр эмес. Тышкы саясатты туура жөнгө салабыз десек, кадр маселесине өтө терең маани берүү керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости