www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ак үйдүн октябрь окуяларында талкаланган эшик-терезелери ушул убакка чейин алындай, кар астында калган», - дейт активист Орозалиев Мирлан.

Ал бул көрүнүштү жоопкерчиликсиз деп атап, депутаттардын абалын дал ошол талкаланып жаткан эшиктерге теңеди.

«Октябрь окуяларындагы башаламандыктардан улам талкаланган эшик-терезелер дагы деле Ак үйдүн айланасында жатат. Буга чейин ал жерде иш алып барган парламенттин өкүлдөрү да олутту карашкан эмес. «Эшигин көрүп төрүнө өт» деген сөз бар кыргыздарда. Айланасы таштандыга толуп жатып, жаңы президентти кантип тосуп алышат.

Же «чакырылбаган конок, шыпырылбаган жерге отурат» дегениби?

Урматтуу Садыр Жапаров, кечээ маалымат жыйында бир алдыда аткарыла турчу топ жакшы иштер бар дедиңиз. Бирок, башкасын коюп, Ак үйдүн айлана-тегерегин тазалоодон баштасаңыз жакшы болмок. Бардык депутаттарды ишембиликке чыгарып иштетиш керек», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости