www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-январда, президенттик шайлоо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту.
Жолугушууга КМШ, ШКУ, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы, ТМКК, ТүркПА, Ислам Кызматташтык Уюму, Россия Федерациясынын БШКсы, Өзбекстан Республикасынын БШКсынан эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары катышты.
Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кезексиз президенттик шайлоо менен референдум Кыргызстан эли үчүн, айрыкча, парламенттик шайлоонун жүрүшүндө болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар аныкталган Октябрь окуясынын өңүтүндө өтө чоң мааниге ээ болгонун белгиледи.
Талант Мамытов шайлоо менен референдумду тынч, ачык-айкын жана акыйкат өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн өзгөчө белгиледи.
«Үгүт кампаниясын жүргүзүүдө президенттикке ат салышкан бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү, ал эми жарандардын саясий позициялары менен көз караштарын билдирүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок», — деп айтты Президенттин милдетин аткаруучу.
Талант Мамытов шайлоо процессине эл аралык байкоочу катары жигердүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык айтып, бул өлкөнүн укуктук талаага кайтып келүүсүндө, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушту жандандырууда Кыргызстан элинин күч-аракетине өзүнчө бир колдоо болуп саналарын билдирди.
Эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрү Талант Мамытовду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти.
Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткендей одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгы, президенттик шайлоо менен референдум ачык-айкын өткөндүгү, ал эми добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталган учурларда жооптуу адамдар тарабынан ыкчам чаралар көрүлгөндүгү айтылды.
Алар өлкөнүн мамлекеттик органдары экономикалык жана эпидемиологиялык оор кырдаалга карабастан, кыска убакыттын ичинде шайлоону жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бир топ иштерди жасап жетишкендигин кошумчалашты.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg