www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы “Фрунзе” турак жай комплексиндеги батирлердин биринин кожоюну жок учурунда тоноого аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын бирине өздүк булактары маалымдаган.

Маалыматка ылайык, уурулук бир нече күн мурда болгон. Тоноочулар батирди ачкыч менен эле ачып, үйдүн ичиндеги оокаттарды чачып, өздөрү көтөрүп барган баштыктарды батирдеги буюмдар менен жык толтурушкан. Видео байкоодогу жазууларга ылайык, тоноочулар батирде эки саатка жакын убакыт өткөрүшкөн. Аларды аталган комплекстин күзөт кызматы кармап калышкан.

Кийинчерээк маалым болгондой, кармалган адамдардын баардыгы мурда соттолгон адамдар болуп чыккан. Алардын бирөөсү учурда үй камагында деп катталган болсо, экөө 2020-жылы Садыр Жапаров ырайым тартуулаган абактан чыккан 230 жарандын катарында болгон.

 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости