www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада обончу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Учурда аталаган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Салтанат санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат», - деп айтылат билдирүүдө.

Залкардын туулган күнүнө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эртең, 12-январда саат 12:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында салтанаттуу иш- чара өткөрөт.

Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармалары жараткан.

Эске салсак, залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан көз жумган, көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости