www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-сентябрда полиция каттоодон өтпөгөн "Ел тірегі" партиясынын жетекчиси Нуржан Елтаевди полиция бөлүмүнө жеткирип, аны “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузууга” айыптады.

Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү кабарлашты. Акыркы эки күндө уюмдун кеминде эле алты мүчөсү 7-15 суткага административдик камакка алынган.

"8-сентябь күнү саат 11де Елтаевди кечеги митинг үчүн алып кетишти. Алардын айтымында, уруксат берилбеген митинг өткөн. Бирок бизде акимчиликке жөнөткөн билдирме бар. Демек, иш-чара мыйзамдуу", – деди партия өкүлү Самал Казакбаева.

7-мартта каттоодон өтпөгөн "Ел тірегі" партиясы Нур-Султанда өкмөттүн отставкасын, эмдөөгө мажбурлабоону жана өзөктүк электростанция салбоону талап кылып, акция өткөргөн. Полиция аларды орто жолдо токтотуп, болжол менен 25 кишини карап кеткен. Бирок ал күнү акциянын уюштуруучусу, партиянын жетекчиси Нуржан Елтаев кармалган эмес.

Маалыматка караганда 7-сентябрда кармалган кишилердин көбү бошотулган, бирок Болат Рысбаев, Руслан Арипжан, Пердебай Каныбеков 7ден 15 суткага чейин камалган. Алар да тынч жыйын өткөрүү тартибин бузууга айыпталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости