www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыркы төңкөрүштөн кийин финполицияны жарым жыл жетектей калган Сыймык Жапыкеев байып, генерал-майор чин-даражасын да алган. Андан соң аз убакытка Ысык-Көл облусунун прокурору болду. Кызматка кул эместей таризде текеберлене кеткен. Жаз, жай айлары жер кыдырып, чер жаза эс алгандан кийин парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан чыга турганы айтылууда.

Кичи мекени Тоң, Жети-Өгүз аймагынан ат салышса, каражаты кыйла жетери алдыртан болжонууда. Бери жагы 300-400 миң доллар чачышы мүмкүн. Бирок, Сыймык Жапыкеевдин былтыркыдай саясий рейтинги жок, соцтармакка пикир жазса, же сүрөтүн илсе эле көпчүлүктөн жеме угуп, таландыда калып жатканы жашыруун эмес.

Бийликке оппозиция катары аттанууга даабай турат. Сыягы, биз билбеген да "илинчээги" барбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости