www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент сотко чакырылды

Япон соту Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды Японияда жашаган бир нече этникалык корейлердин компенсация талаптарын кароо үчүн сотко чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, Түндүк Кореядан качкын макамын алган 5 жаран Түндүк Корея өкмөтүнө каршы компенсация төлөтүү үчүн Токионун райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Алар Түндүк Кореядан көчүрүү программасынын алкагында дуушар болгон адам укуктарынын бузулушу үчүн ар бири 100 миллион иен өлчөмүндө компенсация талап кылышууда.

Ким Чен Ын соттук отурумга 14-октябрда барышы керек.

Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жана учурунда 93 миңге жакын этникалык корей Японияга шахталарда жана фабрикаларда иштөө үчүн күч менен жеткирилген. Анткени Япония 1910-1945-жылдары Корея жарым аралын көзөмөлдөп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости