www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев соңку убактарда саясий өңүттөн активдешип, жергиликтүү аксакалдарды, жаштарды чогултуп, ар кандай иш-чараларды өткөрүү менен алек. Ынтымакка чакырганын кандайча түшүнөбүз? Туруктуулук жайында го.

Азырынча эч кандай кооптонуу деле жок же «корккон го кош көрүнөт» ишаратыбы? Андан көрө Чүй облусундагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү түйшүктөрү менен алпурушса кана?

Тилекке каршы, тымызын эле саясатка ыктап, күздөгү шайлоонун шаанисин сүйлөп калганы кандай? Балким, элдин оор жүгүн тартуу кыйын сезилип, аламанга аттанып кетүүнү кыялданган кербезиби?

«Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калат» дечү беле? Негизи эле мамлекеттик кызматкер өз эрежесинен чыкпай иштеп, саясаттан этият жүрсө (1) деген гана кеңеш. Ансыз да Эркин Тентишев облусту башкарганы алгылыктуу иштер болбой жатат. А өзүн чоң жыйындардан «Чүйдүн атасы» дедиртип мактатканы сынга кабылды. Уят!

Булак: Азия News гезити

Последние новости