www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.Акаевдин бийликке келиши, А.Масалиевдин тагдыры

IV бөлүм

Кезектеги маселе, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо жөнүндөгү маселеге өтөбүз... Жолдош Акматов, сизге сөз берилген жок... мен айтып бүтөйүн... тартип деген барбы?... Жогорку Советтин сессиясы болуп жатат. Азыр бир мүнөт мурда эле трибунадан түшүңүз. Жолдош депутаттар, сүйлөшүп алсак, бир жыйында экиден ашык сүйлөгөнгө болбойт, анте берсек, калгандарга кезек жетпейт...

Мына биз СССР Жогорку Советинде көрүп жүрөбүз, бир киши он жолу чыгып сүйлөйт, анын беш жолкусу жөн эле сөздөр. Анын айынан бир топ кишилер сүйлөй албай калат. Ойлонуп туруп пайдалуу, алгылыктуу сөздөрдү сүйлөбөйбүзбү, ошондо жакшы болбойбу. Конституцияга ылайык, Кыргыз ССР Жогорку Советинин председателинин биринчи орун басарын председатель өзү көрсөтөт. Мен бул кызматка Ош обкомунун биринчи секретары Р.Кулматовдун кандидатурасын сунуштайм.

Депутат М.Байжиев: - Мен альтернатива катары Сааданбековдун кандидатурасын сунуш кылам... Эки-үч депутат сүйлөгөндөн кийин (бардыгы Кулматовду колдошот), төрагалык кылуучу Кулматовдун кандидатурасын добушка коёт. Каршы, калыс жок, бир добуштан өтөт. (Стенографиялык отчет, 57-б.) А.Масалиев бир орун басары башка улуттардын өкүлүнөн болсун деп, Логвиновду сунуштайт. Аны да депутаттар «ураа» деп өткөрүшөт. Танапистен кийин А.Жумагуловду Кыргыз ССР Министрлер Советинин председателдигине сунуш кылат. Алты депутат каршы, калганы ураалаган бойдон колдоп өткөрүшөт.

Анан А.Жумагуловго сөз берилет. Апас Жумагулов өлкөнүн экономикалык абалын анализдеп, жакынкы жылдардагы прогноздорунун ийне-жибине чейин айтып берет. Анын доклады стенографиялык отчёттун 59-бетинен 78-бетине чейин камтылган. Эртеси күнкү жыйын Апас Жумагуловдун программалык докладын талкуулоодон башталат. Калган күн тартибиндеги маселелер, негизинен, "ураалаган маанайда колго салынып өтөт, болгону Кыргыз ССР Жогорку Советинин регламентине келгенде жана Кыргыз ССРинин Конституциясына өзгөртүүлөр, толуктоолорду киргизүү маселелеринде бир азыраак талаш-тартыштар, чаташуулар болот.

Мисалы, күн тартибиндеги жогорку Советтин регламентин талкуулап жатканда, депутат Ө.Текебаев Конституциянын 6-, 7-статьяларына болгон өзүнүн сунушун айтып чыгат.

Депутат Текебаев: Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар. Кыргыз ССРинин Конституциясына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуш кылам. 6-, 7-статьялар боюнча айтылды. Ошондой эле мен 49, 31, 35-статьяларга өзгөртүүлөрдү сунуш кылар элем...

Председатель А.М.: - Кечиресиз, фамилияңыз, округуңузду айтып койсоңуз?

Депутат Текебаев: - Текебаев, №58 округ.

Председатель А.М.: - Сиздин мына бул сунушуңуз боюнча жооп бербедим беле. Катыңыз официально келди... Ошол маселени кайталай беребизби...

Текебаев: Мейли, андан кийинкилерин айтайын - деп, 49-, 31-, 35-статьяларга киргизген кошумчаларын окуйт...

Председатель А.М.: - Жолдош депутаттар, кечирип коюңуздар. Кечээ ушуну атайын карап чыгып, анан комиссияга редакциялап бергиле деп, ушул маселени алып салдык эле. Эми азыр келип, баштан аяк андай эле, мындай эле десек кандай болот?

Текебаев: - Кечээ талкуулап үлгүргөн эмеспиз, мен аргументтеримди келтирейин, агай...

Председатель А.М.: - Аны комиссияга бербейсизби. Сиздин айтканыңызды эл түшүнбөй жатат. Аны карап чыгыш керек. Айкалышабы...

Текебаев: - Дагы бир-эки сунушум бар. 106-статьянын жаны редакциясында мындай деп жүрөт:

«5-пункт. СССРдин закондорунда жана СССРдин Конституциясында белгилеген тартипте Кыргыз ССРинин граждандыгына кабыл алат, баш калкалоочу жай берүү жөнүндө маселелерди чечет».

Эгер Кыргыз ССРинин граждандыгы деген түшүнүк болбосо, анда кандай граждандыкка кабыл алат. Карама-каршылык чыгып жатат. Кабыл алышы мүмкүн эмес, анткени андай закон жок. Жаңы редакцияда ошентип берилип жатат... (сөз регламенттин 106-статьясы жөнүндө Жогорку Советтин ыйгарым укуктары боюнча болуп жатат - А. Б.)

Председатель А.М.: - Жолдош Текебаев, мындай бир ойлоп кылбайбызбы. Бул жерде бир олуттуу иш болуп жатат...

Текебаев: - Анан дагы, президенттик полномочиелердин кээ бир элементтерин жогорку Советтин председателине берүүгө каршымын. Президенттикке каршы эмесмин, эмне үчүн биз билебиз, бийлик классикалык түрдө үчкө бөлүнөт: аткаруу бийлиги, закон чыгаруу бийлиги, анан соттор.

Президенттик бийлик - аткаруу бийлигине кирип кетет. Президенттин закон чыгаруучу укугу жок. Анан агай, 6-, 7-статьялар боюнча аргументимди айтып кетейин... (бул жерде Текебаев кайра Конституцияга өзгөртүүлөр боюнча башка темага өтүп кетет).

Председатель А.М.: Сиздин катыңыз мына бул жерде турбайбы. Ал киши айтып берди. Мен түшүндүрдүм... Анда жазбаңыз, жолдош Текебаев, убакытты караңыз...

Текебаев: - Болуптур, менин сунуштарым колго салынып, талкууга коюлушун талап кыламын...

Председатель А.М.: - Коëбуз талкууга, макул. 6-, 7-статьялар долбоордо жазылган. Мен айтып бердим, өзүңүздөр окудуңуздар... Кимде-ким, мындай эки сунуш болуп жатат, биринчиси, ушул долбоорду кандай жазылса, ошол бойдон сактап калуу. Экинчиси, жолдош Текебаевдин сунуш киргизип, өзгөртүүсү.

Биринчи жобо боюнча 6-, 7-статьяларга ким макул болсо, кол көтөрүңүздөр... түшүрүңүздөр... ким каршы... бир, эки, үч, төрт, беш... беш киши каршы. Дагы ким калыс... жок.

Ошентип, бул эки статья ушул бойдон калды... Экинчи маселе жок...

Текебаев Жогорку Советтин председателине берилген укук тарга каршы болуп жатат. Бул маселени биз аябай талкуулаганбыз. Мына, өзүңүздөрдун, элдин ою менен, бизге президент керек экен, бизге мындай кылыш керек деп далай каттар, телеграммалар түшкөн. Биз баарын карап туруп, эч болбосо ушул президентке керектүү укуктарды азырынча председателге берсек деген ой менен ушул сунуштар кирген. Булардын баарын юристтер да караган. Мен ачык айтып коёюн. Биз СССР Жогорку Совети менен да акылдаштык, туура эмес болгон жокпу деп. Биз өзүбүзгө көп нерсе алып жаткан жокпузбу деп, бүт орган муну жактырды. Бул жаңылык экен. Ушул законго ылайык деп табылды.

Ошондуктан бул маселени да мен добушка коём. Биринчиси, Жогорку Советтин председателине берилген укуктар, президенттин анча-мынча укуктары ушул бойдон калсын (бирок А.Масалиев кайсы мыйзам долбоорунун, кайсы статьясы экенин түшүндүрбөйт А.Б.).

Экинчиси, булар алынып салынсын, биринчи жобо боюнча ушунун биринчиси калсын дегендер кол көтөрүүсүн сурайм... Түшүрүңүздөр... каршы... калыс... Каршы бир, эки... алты киши каршы. Калыс эки. Ушул бойдон калды. Эми жолдош Эркебаев ушул маселелер боюнча сөз айтайын дейт... Конституция боюнча... регламент боюнча, же Конституция боюнчабы? Регламент боюнчабы? Биринчи микрофон.

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости