www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызым, тур турагой, алтыным”,- деп убагында бүтүндөй Кыргызстанды таң атпай уйкудан ойготуп популярдуу болгон Гүлзат Мамытбек президенттик шайлоодо лидерлик кылып жаткан Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Экстраваганттуу айым Гүлзат Мамытбек ар дайым эл алдында эмоционалдуу, экспрессивдүү жана ошондой эле күлкү келтирээрлик манерасында элге ар кыл кайрылууларды жасап, бирисинин кыжырын келтирсе, экинчисинин күлкүсүн келтирчү.
Бул ирет да “алтыным”, “жөжөм”, “садагаң кетейин” деп өлкө башчысы боло турчу адамга кайрылуу жасаган Гүлзат Мамытбек кайрадан эл оозунда.
“Урматтуу, Садыр агатай! Сиз Кудайдан келген жакшы лидерсиз! Сизден, Түркиядагы мигранттардын атынан суранам, жакшы лидер болуп бер, алтыным! Кыргызстанды Сингапурдан да өнүккөн өлкө кылып бер! Күчүң жетет сенин! Кошоматчыларга алданба, алар көзүңө май шыбап кетишет! Берген тай, тебетейлерин кабыл алба! Түркияда аны “хедийе” (hediye) деп коет, андайларды алба! Эч кимди укпа! Алтыным, берекем! Болгон чечимдерди өзүң кабыл ал, ар ким менен кеңешип, тууган-тааныштардын сөзүн укпа! Кыргызстанды №1 кыла турчулар мына МЕН жана СЕН! Алга!”,- дейт өз кайрылуусунда Гүлзат Мамытбек.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg