www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 16 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн жыныстык эркиндиги менен жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар үчүн соттолгон, ошондой эле сойкуканаларды иштеткен жарандарды ата-энелик укугунан ажыратуу сунушталууда.

11-январда өлкө парламентинин төмөнкү палатасында «Үй-бүлө» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анда кодекстин тогуз беренесине өзгөрүүлөрдү киргизүү, ошондой эле 11 беренеден турган жаңы эки бөлүм кошуу сунушу жазылган.

«16га чыга элек өспүрүмдөрдүн жыныстык эркиндиги менен жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш кылуу, ошондой эле сойкукана иштетүү үчүн соттолгон жарандар ата-энелик укуктарынан ажыратылат», — деп жазылган кодекстин 69-беренесине кошулган текстте.

Белгилей кетсек, өткөн жумада жарандык коом өкүлдөрү президент Эмомали Рахмонго жана парламенттин эки палатасынын төрагаларына кайрылып, Тажикстандагы өспүрүмдөрдү сексуалдык зомбулуктан коргоону өтүнүшкөн.

Эске салсак, 2020-жылы декабрда Гиссар шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган кишини беш жылга эркинен ажыратып, бирок дароо мунапыс менен сот залынан бошоткон. Соттун бул чечими социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости