www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголияда 6,8 даражага жеткен катуу жер титирөө болду

12-январда эртең менен Монголиянын түндүк-батышындагы Хубсугул көлүнүн аймагында 6,8 даражага жеткен кубаттуу жер титирөө болду. Бул аймак Орусияга чектеш келет жана Чыгыш Саян тоолорунун этегинде жайгашкан.

АКШнын геологиялык иликтөө борборунун маалымдашынча, жер титирөөнүн чордону Хубсугул көлүнүн таманында орун алды. Бул жер титирөө чордону Орусиянын Иркутск шаарынан 200 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Жер силкинүү көл таманында 10 чакырымдай тереңдикте орун алды. Азырынча калайык сейрек байырлаган бул аймактагы табигый кырсыктан жапа чеккендер жөнүндө маалымат түшө элек. Анын үстүнө монгол боз үйлөрү жана башка имараттар ар кандай жер титирөөлөргө оңой туруштук берчү сапаты менен айырмаланат.

Хубсугул көлү деңиз деңгээлинен 1645 метр бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 136 чакырым жана тереңдиги – 262 метр. Бул көл Азиядагы экинчи ири тузсуз көл. Анда Монголиянын тузсуз сууларынын 70 пайыздайы жана дүйнөдөгү тузсуз суулардын 0,4 пайызы камтылган.

Көлдүн түштүк жээгинде Хатгал шаарчасы жайгашкан. Ал – борбор шаар Улан-Батордон 757 чакырымдай алыстыкта. Туристтик чордон болгон Хатгал шаарчасында чакан аба майданы бар.

Хубсугулдан агып чыккан Эгийн-Гол дарыясы Селенга дарыясынын сол куймасы болуп саналат. Кышында дарыя суусу тоңуп калат. Жайында Эгийн-Гол аркылуу Орусиянын Бурят Республикасына чейин кеме менен барууга мүмкүн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости