www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюциянын текстин жарыялады.
Ак үйдүн башчысы «Твиттердеги» билдирүүлөрү менен «козголоңго шыкакчы болгон» деп айыпталууда.
Резолюцияда «Трамп Кошмо Штаттардын жана өкмөттүк институттардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратты» деп жазылган. Документтин демилгечилери 13-14-январь күндөрү резолюциянын тексти талкуулангандан кийин аны Өкүлдөр палатасы жактырып, Сенат бекитет деп ишенишүүдө. Эгер Трампка импичмент жарыяланса, ал мындан ары мамлекет башчы кызматына талапкер боло албай калат.
Белгилей кетсек, Дональд Трамптын президенттик ыйгарым укуктары 20-январда, шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясы өткөн күнү аяктайт.
Эске сала кетсек, 6-январда АКШнын түрдүү штаттарынан Вашингтонго келген Трамптын тарапташтары митинг өткөрүп, көп өтпөй Капитолийдин ичине кирип барышкан. Ал учурда имаратта конгрессмендер президенттик шайлоонун жыйынтыктарын ырастоо үчүн жыйын өткөрүп жатышкан. Трамптын тарапташтары уюштурган башаламандыктардын жыйынтыгында беш киши, анын ичинде бир полиция кызматкери каза болгон.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg