www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз мамлекетинин кайра –кайра парламенттик же президенттик шайлоо өткөзүүгө бюджетинде акчасы жетиштүүбү? Аны коюп Куловдун айынан Кыргызстан Орусияга эмне үчүн 238 млн карыз болуп калганын тактап алса болмок. 238 млнго Орусиядан Кыргызстанга металл келип түшүп, Куловдун «көсөмдүгү» менен Кытайга сатылып кеткен. Ошол учурда Кулов өлкөбүздүн вице-премьери болуп турган. Ошондогу вице-президент Феликс Куловдун укугу кеңири болгонун, спиртти кайра иштетүүгө жана сатууга, алтын казып алууга, металлдарды ташууга лицензия берип турган. Ошол кезде эле түрмө жыттанып турган Феликс Кулов кыргыз эли үчүн эмес, Акаев үчүн кызмат кылгандыктан мындай айыптан кутулуп жүргөн. Азыр эне тилин билбеген Кулов байлыгынын барын уйгурларга салып бергени тууралуу сөз болуп жатат. Кулов вице-президент болуп турганда бүтүндөй темирди сатып бүтүрдү, кыргызды РЕSAK программасына айдап киргизип, анын натыйжасында нечендеген завод-фабрикалар талкаланды. Кытайга 5 учакты сатып, эски учактардын ордуна алар 3 жаңы ТУ-154 берерин дүң кылган, ошол учактар Кулов аркылуу аты-жыты чыкпай жок болду? Эмне кыргыз элинин сурап алары жок бекен? Эртели –кеч чыгат да...
Кулов тарабынан сатылган 9 аскердик учак, 12 вертолеттон түшкөн миллиондор кайда житип жок болду? «Фрунзе -1»» аскер шаарчасын, авиаполкту, ошол кездеги көшөгөнүн артында жашынып турган куловдук «Тосор» фирмасын кайда жашырабыз? Чүй облусунда губернатор болуп турганда Кулов чуулгандуу «Химсинтез» ишине кабылды. Кулов Бишкекте мэр болуп турганда стационардыке соода борборлорунун жүгүртүүдөгү каражаттын 15 пайызын салык түрүндө алып турганын эл унутабы? Анда коммерциялык күркөлөрдүн кожоюндарынын көздөрүнөн кан кан аккан кайда барба Кулов менен милицияда иштеген Марсел сыяктуу инилерин каргап-шилеген адамдар кезикчү. 2007-жылы апрелдин башында Көтани менен «Бириккен, фронт» деген коом түзүп, нааразы болгондорду каршылык митингине багыттайт да, өздөрү бийлик менен соодалашып элди түйшүккө салып кете берет. «Бириккен фронттун» желектери «Россия» кинотеатрынын артындагы ажаткананын жанында бок-жинге аралашып кала берет.
Кулов Октябрда болбой калган парламенттик шайлоо май айында өтөт, ал эми элдин энчисин бөлүп, талап алган Куловдун оюу боюнча май айында жаңы прези денттик шайлоо өтүш керек. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керек деп чыкты Кулов. Анын айтымында, жаңы Конституция боюнча президент бир убакта мамлекетти жана аткаруу бийлигин башкарып калат. Азыр президенттин өкмөттүн ишине кийлигишүүгө ыйгарым укугу жок.
«Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президенттин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө кеңейтилбейт. Демек, ал кайра шайланышы керек. Садыр Жапаров парламенттин жарымы бир мандаттуу шайлоо системасы менен, жарымы партиялык тизме менен шайланарын айтты. Азырынча имиш катары Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 90 депутатка чейин кыскарат деп айтылууда. Демек, партиялык тизме менен 45 депутат шайланат, ага байланыштуу Жогорку Кеңешке эң көп дегенде 2 партия өтөт жана алар бийликчил болот. Ал эми бир мандаттуу шайлоо системасы менен шайланган 45 депутат негизинен олигархтар болот.
Жалпылап айтканда, бул эми «чимкирик» эмес, «кустурган» парламент болот. Демек бийлик институттарына болгон ишенбөөчүлүк дагы да өсөт. Муну менен бизди май айында (бул датаны Жапаров маалымат жыйында айтты) парламенттик шайлоо жана андан кийин президенттик шайлоо күтөт. Бирок анын алдында жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүш керек.
Чынын айтканда, эгерде Конституциядагы өзгөрүүлөр 3-бөлүмдөн 8-бөлүмгө чейин болсо, референдумду өткөрбөй койсо деле болот. Себеби негизги мыйзамдын 114-беренесине ылайык, бул учурда жалпы элдик добуш берүү өткөрүлбөйт. Өзгөртүүлөрдү депутаттар өздөрү кабыл алышат. Бир сөз менен айтканда, бул жылды шайлоо жана ага байланыштуу ар кандай маселелердин жылы деп атоого болот», - деп жазган Кулов.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg