www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров романтик эмес. Бул тууралуу анын жубайы Айгүл Жапарова Орусиянын «Около политики» журналына берген маегинде айткан.
Белгилей кетсек, Айгүл Жапарова бул маекти шайлоого чейин тактап айтканда, 2020-жылыдын ноябрь айында берген.
Курган маегинде Айгүл Жапарова саясатчы менен кантип таанышканын, экөөнүн мамилеси ошондой эле үй-бүлөсү жөнүндө кеп кылган.
«Садыр экөөбүз таанышкан кезде өтө эле жаш болгонбуз. Баса белгилеп кетсем: ал романтик эмес. Студенттик кездерде, Садыр Бишкекте жүргөндө, мен Караколдо окусам дагы, ал мага жума сайын телеграммаларды жөнөтүп турчу. Ал убакта байланыштын ушундай бир эле түрү болгон. Анан той, балдардын төрөлүшү дегендей...
Учурда төрт баланын ата-энесибиз. Бизге ар бир баланын төрөлүшү, алардын алгачкы кадамдары, алар айткан биринчи сөздөрү чоң бакыт тартуулап, кубанычка бөлөгөн.
Биздин балдар - биздин кубанычыбыз, биздин бактыбыз, биздин сыймыгыбыз. Ар бир үй-бүлөдө эле ушундай болсо керек (жылмайып).
Кээде жолдошум Садыр жумушу көп болгонуна байланыштуу бошобой жүрүп, бир топ маанилүү нерселерди өткөрүп жиберген окшойт деп ойлойп коем», - деген саясатчынын жубайы.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg