www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров бийликке келсе, Кытай менен алакабыз кандай болот?

Кытай Кыргызстан менен достук мамилелерин мурдагыдай эле багытта карманат жана ал мамилелерди сактайт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен маалымдалды.

«Кыргыз Республикасынын дос коңшусу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү катары Кытай өлкөдөгү улуттук чындыкка ылайык Кыргыз тарап тандап алган өнүгүү жолун ар дайым урматтайт. Кыргыз тарап мыйзам чегинде маанилүү саясий процесстерди ийгиликтүү аяктап, өлкөдөгү туруктуулукту сактап, мамлекеттин өнүгүүсүн жүзөгө ашырат деп терең ишенет",- деди КЭР Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзян.

Ошондой эле, Кытай тарап ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү Кытай-Кыргыз мамилелерин илгерилетүү максатында кыргыз тарап менен эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар дайым тереңдетип, Кыргызстан менен достук мамилелердин курсун кармай берээри баса белгиленди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости