www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум коронавирус пандемиясына карабай, жалпысынан жакшы өткөнүн билдирди. Элчилик бул тууралуу билдирүүсүн 11-январда таратып, кыргызстандыктар шайлоого кызуу катышканын белгиледи.

Билдирүүдө ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын, анын ичинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын байкоосу жөнүндө кеп болгон. Андагы добуш берүү айрым олуттуу мыйзам бузуу фактыларына карабай тынч өткөнү, бирок ошол эле учурда шайлоо өнөктүгүнүн учурунда талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнү, ал эми жергиликтүү «Жалпы иш» байкоо уюму үгүт өнөктүгүнүн мезгилинде жана шайлоо күнү шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү боюнча көптөгөн ишенимдүү айыптоолорду маалымдаганы белгиленген.

АКШ элчилиги Кыргызстандын укук коргоо органдарын конституциялык ченемдерге жана мыйзамдарга ылайык бул мыйзам бузуу фактыларын териштирүүгө чакырган.

Маалыматта: «Америка Кошмо Штаттарында болгон акыркы окуялар, демократия ар дайым жүрүп турган иш экендигин жана күчтүү, көз каранды эмес демократиялык институттарга берилүүнү талап кыларын эскертип турат. АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз»,- деп жазылган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости