www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япониядагы Кумамото префектурасында Асо вулканы атылып, анын күлү асманды көздөй 3,5 чакырым бийиктикке чейин чачылды.
Аймакты түтүн каптап, көктө тоодой-тоодой уюлгуган чаң пайда болду. Кайнап атылып чыккан жанар тоо таштары бир чакырымга чейин учуп барып түшкөн. Ал эми видеодон айланадагы элдин шашып, автоунаага, автобустарга түшүп кетип жаткандыгын көрүүгө болот.
Күн Чыгыш өлкөсүнүн бийлиги мындан улам кооптуулуктун беш деңгээлинин ичинен үчүнчү даражасын белгиледи. Ал эми ошол аймакта жашаган жергиликтүү элдин жанар тоого эки чакырымдан жакын барбашы керектигин эскертишти.
Булак: NazarNews.kg