www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 УКМКнын басма сөз кызматы УКМКнын кызматкери журналистке кол салды деген маалымат текшерилгенин билдирди. 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, УКМКнын кызматкери журналистке кол салды деген маалыматты текшерүүнү суранган. Никитенко билдиргендей, кафеде курбулары менен отурган журналистке белгисиз адам барып, анын иштеген жери, кайда төрөлгөнүн, жеке жашоосу тууралуу айтып бергени тууралуу маалымат соцтармакта тараган.

«Журналист аны сүрөткө тартып алайын дегенде, ал УКМКда иштээрин айтып, журналисттин телефонун чапкан. Андан соң качып кеткен», - деген Никитенко.

УКМКнын басма сөз кызматы айтылган маалымат боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. «Окуя 12-октябрга караган түнү «Шахрезада» ресто-барында болгон. Ал жакта Бишкек шаарынын тургуну Н.у.М. дагы эс алып жаткан. Ал мас болчу. Н.у.М. журналист Айныкеева менен тааныш экенин, бир кезде чогуу иштешкенин айтты. Тамашалап, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган жана журналистти сөзгө тартууга аракеттенген.

Н.у.М. УКМКнын кызматкери эмес экенин, учурда эч жерде иштебей турганын, кылган ишине өкүнүп жатканын билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости