www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу аянтчасында тапанчадан ок чыгарып, жыйынтыгында оператор аял каза болду. Бул тууралуу Нью-Мексико штатындагы Санта-Фе округунун шерифи Хуан Риоско шилтеме берип РИА Новости жазды. Шерифке актёр Болдуин тасмага реквизит катары пайдаланылып жаткан куралдан ок чыгарганы тууралуу маалымат түшкөн.
"Эреже боюнча ал куралга огу жок патрондор салыныш керек болчу. Бирок андай болбой калган. Кесепетинде Алина Хатчинс аттуу 42 жаштагы операторго ок тийип, тик учма менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган жок. Ал эми акырегинен жаракат алган режиссёр Жоэл Соус аман калды. Анткен менен ооруканага түшүп, учурда абалы оор деп бааланууда", — деп айтылат кабарда.
Полициянын маалыматына караганда, Болдуинге азырынча эч кандай айып тагыла элек. Эмне себептен куралга ок салынганы жана актёр аны эмне себептен режиссёр менен оператор тарапка каратып атканы азырынча белгисиз.
Булак: NazarNews.kg