www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан чыккан вирус бир күндө 4 адамдын өмүрүн алды

22-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 125 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын төртөө каза болду.

Үч күндөн бери өлкөдө бул инфекцияны жугузгандар көбөйүп, күнүмдүк статистика жүздөн ашып жатат. Сентябрдын этегинен бери инфекция жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 60-90дун тегерегинде болуп турган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келээр ыктымалдыгын билдирген.

Акыркы апталарда Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарында коронавирус жуккандар дээрлик катталбады. 22-октябрда кайрадан бүт облустарда ооруга чалдыккандар аныкталды. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө коронавирус жуктургандар 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашты. Алардын 2647си каза болуп, 175 миңдейи айыкты.

Өлкөдө ковид илдетине каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Аны 18 жаштан өткөн жарандар алса болот. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн. Кыргыз өкмөтү Кытай, Европа, Түркия жана Орусия өндүрүшүндөгү препараттарды алып келген.

22-октябрга карата 1 миллион 643 миңдей адам эмделди. Алардын 933 миңден көбү биринчи дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты. Жамааттык иммунитет пайда болуш үчүн 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 243 миллиондон ашты. Алардын 5 миллионго жакыны жашоо менен кош айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости