www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев кайсы оорудан улам кызматтан чегинүүнү чечкенин ачыктады. Тактап айтканда, ал отставкага кетүүгө эмне себеп болгонун өзү жөнүндө тартылган документалдык тасмада айтып берди. Анын жүрүшүндө ден соолугунун абалы дагы тактан кетишине себеп болгонун билдирди.

«Отставкага кетип жатканым тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Ошол күнү эртең менен Путинге чалдым. Ал шок болду. «Бүгүн кечинде билдирүү жасайм, менин өз оозуман угушуңуз керек деп чечтим», - деп айттым. Башка мамлекеттердин лидерлери билген эмес. Бул чечим 2015-жылы эле бышкан. 75 жылдыгым өткөндө өзүм үчүн: "Болду, бул — чек", - деп чечтим», - дейт президент.

Ал Казакстан элинин ассамблеясы ыйгарым укуктарын өмүрүнүн аягына чейин узартуу үчүн кол топтогонун жана өзүнүн каршы экенине карабай, 5 млн кол жыйналганын белгиледи. Бул электораттын 65% болчу. «1991-жылы биринчи президенттик шайлоодо 98,8% добуш алдым. 2015-жылы соңку шайлоодо 97,8% добушка ээ болдум. Элдин ишеними 80% пайыздан төмөндөгөн эмес. 2015-жылы эл добуш берүү үчүн кезекке туруп калган. Элдин ушундай мамилесине ээ болгонум абдан жагымдуу болду. Ушундай ишеним бар учурда кетиш керек болчу», - дейт Эл башы.

Ал отставкага кетүүсүнө омуртка оорусу дагы себеп болгонун кошумчалады. «Мен буга чейин айткан эмесмин, азыр айтып жатам. Омурткама операция жасаткам. Абдан олуттуу операция болду. 8-мартта концертте отурганбыз. Концерт бүткөндө турсам, бутумду жылдыра албай калдым. Жан сакчыларымдын ичинен офицерди чакырып: «Жаныма тур!» - деп айттым. Колун кармап, таяндым. «Акырындан басалы, эч ким байкабасын» дедим. Зал толтура эл болчу. Ушинтип чыгып кеттим. Көрсө омурткамда маселе бар экен.

Операция жасаттым. Айыктым. Баары жакшы. Кичинекей кезимде бир командир тууралуу тасма көргөм. Ал жаракат алган, бирок жоокерлери чабуул жасашы керек болчу. Командир жараатын таңып, кандай гана учур болбосун, жоокерлеринин алдында болушу керек экенин айткан», - деди Назарбаев.

Ал президентти ошол командирге салыштырды. «Ооруган президент — мамлекет башчысы боло албайт. Бул сенин абалың, ага мамлекеттин кандай тиешеси бар? Мамлекет жабыркабаш керек. Бир жакка барып, эл менен жолугушуп… 350 жолугушуу, элестетсеңиз! А мындай ден соолук менен кантип жетишесиң? 2011-жыл болчу. Жакшы хирург туш келди. Тажрыйбалуу болчу.

Бул дарт дагы отставкага кетүү чечимиме таасир этти. Мен бул тууралуу эч качан айткан эмесмин, мени кечирип коюшсун. Бул тууралуу айтып коюп, кантип иштейсиң? Кеткенге даяр эмес болчумун, анткени мураскер белгисиз болчу. Андан кийин эч кандай дарт менен ооруган жокмун, азыр дагы оорубай элемин», - деди Назарбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости