www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Керала штатында сүйүшкөндөр суу ташкынына карабастан баш кошту. Бул тууралуу Russia Today телеканалы билдирет.

Түгөйлөр той боло турчу жайга барган жолдорду суу каптагандыктан, экөө тамак бышырган чоң казанга отуруп алып барган. Социалдык тармакта тараган видеодо жаштарга суудан сүзүп өтүүгө салтанаттын коноктору жардам бергенин көрүүгө болот.

Маалым болгоной, болочок жубайлар Алаппужа шаарында медицина тармагында иштейт. Алар журналисттерге баш кошуу үчүн атайын эмгек өргүү алгандыктан салтанатты кийинкиге жылдыргысы келбегенин айтып берген. Күйөө бала башка транспорт таппай койгонун жана айрым жерлерди суу каптап кеткенине карабастан, иш-чараны өткөрүүгө макул болгон чиркөөнүн администрациясына ыраазычылык билдирген.

«Бул биз кыялданбаган үлпөт тойго айланып кетти», — деген колукту. Өткөн дем алыш күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр Керала штатында сел менен жер көчкүгө алып келип, кеминде 22 адам каза болгон. Куткаруу иштерин армия жана флот жүргүзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости