www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылды тосууга саналуу күндөр калды. Жыл тогошоор маалда ар бир адам өткөн күнгө сарасеп салат эмеспи. Ал эми жети дубандын элине жеткен “Жетиген” журналы салтка айланган “Жыл мыктыларын” тандоо аземин тогузунчу жолу өрткөрдү.

Аталган журналдын салтанатту иш-чарасында жогорку сыйлыктарды “Жетиген журналынын башкы директору Абдиламит Жумашев, COVID күчөп турган маалында Кыргызстандын баардык аймактарына кол кабыш кылган “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондуна “Жетиген республикалык коомдук ар тармактуу журналы “Жылдын мыкты Кайрымдуулук фонду” наамын ыйгарды.

Сыйлыкты легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов сыяктуу улуу инсандар тапшырышты.

Келген коноктордун катарында Жогорку Кеңештин депутаты “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Искендер Матраимов сыйлык алып, өзүнүн жакшы каалоо-илектери менен бөлүштү.

--“Биз жакшы жакты көргөзүп, алдыга умтулуп, бири-бирибизди колдоп турсак өнүгүү, өсүү болот. Мына ошол сыңары “Жетиген” журналы дагы коомго чоң салым кошкон журналдардын бири. Көптөгөн инсандардын эмгегин жазып, чагылдырып окурмандарга тартуулап келет. Ушундай маалымат каражаттары көп болсо дейм. Учурдан пайдаланып эмгек жамаатка, жетекчисине ыраазычылык билдирем. Ошондой эле, өлкөбүздө тынчтык болуп, берекеге толсун. Оорудан алыс бололу”- деди Искендер Матраимов.

Эске сала кетсек, COVID – 19 ылаңынын кеспеттерин жоюга “Исмаил Ата” кайрымдуулук фонду саламаттыкты сактоо тармагына: -19 ИВЛ жабдыгы, -20 000 эксперсс-тест, -250 000 медициналык бет кап, -500 коргоочу кийим, -500дөн ашуун очки, тепловизор, республикалык фонддун эсебине -10 000 000 сом, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө: -1 500 тонна ун, -50 тонна өсүмдүк майы таратылган. Бишкек шаарындагы жаңы конуштарга: -20 тонна азык-түлүк салынган баштыктар, ал тургай милиция кызматкерлерине чейин ун жана өсүмдүк майлары таратылган.

Ош облусуна -225 тонна ун, -70 000 даана медициналык бет кап, -13,5 тонна өсүмдүк майы, -430 даана медициналык коргоочу кийимдер, Нарын облусуна, -50 тонна ун, -3 тонна өсүмдүк майы, Талас облусуна -150 тонна ун, -3 000 даана медициналык бет кап, Баткен облусуна  -150 тонна ун, -10 000 даана медициналык бет кап,  -9 тонна өсүмдүк майы, Чүй облусуна -280 тонна ун, -20 000 даана медициналык бет кап, Жалал-Абад облусуна -210 тоннна ун, -50 000 даана бет кап, -8 тонна өсүмдүк майы, Ысык-Көл облусуна -100 тонна ун, -6 тонна өсүмдүк майы, Москва шаарынан келген медицина кызматкерлерине тамак-аш, жатакана жана айлык маяналары менен камсыздаган. Ошондой эле 2 стационар Ош жана Бишкек шаарларында фонд тарабынан ачылып, 30 күн бою бейтаптарды акысыз кабыл алган. Республика боюнча акысыз рентген кызматы иштеген. COVID – 19 күчөп турган маалында элдин ден соолугу үчүн аталган фонд бейтаптарга баардык шарттарды түзүп берген. Фонд тарабынан жалпы -19 ИВЛ жабдыгы тапшырылган. Сокулук районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканасына тез жардам унаасы тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости