www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында укук коргоо органдары күчөтүлгөн кызмат өтөө режимине өткөрүлөт, анын катарында маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чк араларды кайтаруу күчөтүлмөкчү.
Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, Жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайларын көзөмөлдөөнү активдештирүү жана өрт коопсуздугу жана пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарыл.
«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызмат өтөө учурунда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларына жол берилбешине өзгөчө көңүл буруу керек. Алар кызматын так, сыпайы аткарып, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоолору зарыл", - деди Артем Новиков.
Күч органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg