www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биз контрабанданы жоюп, бажыны күчөтүшүбүз керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--“Чек ара бул - албетте, оор маселе. Биздин тажик элине, тажик мамлекетине жамандыгыбыз жок. Бирок чек ара, жер маселесин чечүүбүз керек. Ал маселени ордунан жылдыруу үчүн бул кадам керектир. Алака мыйзамдын негизинде жүрүп турса, башка маселе. Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү май, бизден чыгарылбаган, биз башка жактан алып келген товарлар контрабандалык жол менен байма-бай өтүп туруптур. Андыктан, чек аранын жабылышы - жакшы көрүнүш, биз контрабанданы жоюшубуз керек, бажыны күчтөшүбүз керек. Товарлар бажы аркылуу өтүп, тийиштүү төлөмдөр төлөнүп, бюджет тийиштүү акча каражаттарын алышы керек. Ошондо гана Баткен эли көтөрүп аткан маселе - жергиликтүү экономиканы көтөрүү маселеси чечилет”, - дейт Талиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости