www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн пайдаланылган жол табылды, деп билдирди бүгүн, 8-июнда УКМКнын басма сөз кызматы.

Жазык кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас облусунда Манас районунун 3 тургуну: К.Б.Ш., Д.Р.А. жана М.А.У. кармалган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, алар чек арага жакын жерде жашашат. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткүсү келбеген адамдарды кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөрүп турушкан. Ал үчүн акча алып келишкен.

Кылмыш иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости