www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек араны тактоодо Аскар Акаев чоң мүмкүнчүлүктү өткөрүп жиберген”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--“Кыргызстанда азыр эң чоң көйгөй бул чек ара болуп жатат. Бул маселе 1990-жылдары эле чечилиши керек болчу. Азыр абдан курчуп кетти. Ошол кезде оңой, так жана эрте чечилмек. Ошол учурда президент болуп турган Аскар Акаев биринчи эле чек араларды тактап, чечип койсо болмок. Ал чоң мүмкүнчүлүктөрдү өтөрүп жиберди. Коңшу мамлекеттердин баары жерлерин тактап, маселени чечип жатканда өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ал дагы чоң аракеттерди көрүш керек болчу. Ошол учурда такталып калса, азыркыдай кыйынчылыктар, адам өмүрү кыйылбайт беле?

Азыр тажик-кыргыз чек арасындагы абал абдан оор экени баарыбызга маалым. Тажикстандын президенти Рахмон биздин жерлерге, сууларга көз артып, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп жатат. Буга чейинки кетирген катаралын биз эл аралык сотторго беришибиз керек. Алар өзүнүн баасын беришсин. Дүйнө элине Эмомали Рахмонду уяткарып, катуу эскертүү берилиши керек.

Ал эми азыркы абалды дипломатиялык жол менен тынч чечүү абзел”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости