www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районунун чабаны айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилиек Токтогазиевге кайрылуу жасап, өз ишин так аткара албаса кызматын бошотуп берүүсүн талап кылды.

"Мен Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын тургуну болом, ушул Тилек Токтогазиевге кайрылат элем.

Ат-башынын  тургундары кымбат пайыз менен канчалаган насыяларды алып мына эми кутула албай айлабыз кетип жаткада, малдын баасы көтөрүлүп, элдин маанайы жакшы болуп калды эле. Биз деле азыркы катаал шартта алган кымбат насыялардан кутулуп алалы дейбиз.

Кандай наадан немесиңер?! Кызматка барбай жатып бир мыйзамды чыгара коюп, элди өлтүрөлү дедиңерби? Же мал бакканга арзан насыя берип койдуңар беле? Биз ургаачы менен эркек малыбызды билбегидей көк мээ белек? Биз аны жакшы билебиз. Бир нерсени чгараардан мурда  элге кайрылгыла да.

Токтогазиев сенден сураанарым, жөн карапайым эле малын эркин сатууга жол ачып бер, болбосо кызматыңды тапшырып бер.

Көрдүм сенин чарбачылыкты кандай деңгээлде билгениңди", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости