www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын түндүк жагында жайгашкан Есиль районунун Булак айылында табышмактуу өлүмдөр катталууда. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактар жазып чыгышты. 

Маалыматтарга караганда, Булак айылында акыркы жылдары ондон ашык тургун табышмактуу каза тапкан жана алардын көбү жаштар болгон. Айылдын тургундарынын айтымында, айылда алтын кенин казып алуу иши башталгандан баштап тургундар ар кандай ооруларга чалдыгып, өлүмгө чейин алып келген учурлар болгон. Ошондой эле алар алтын кенин казып алуу менен уктап жаткан радиацияны ойготушкан деп эсептешет. 

Маалымат боюнча, Булак айылында алтын кенин казып алуу 2014-жылдан бери жүрүп жатат. Аны орусиялык инвесторлор иштетет. Кенде айылдын тургундары да иштешет, бирок көп өтпөй жумуштан кетүүгө аргасыз болушат. Себеби ал жакта иштегендердин ден соолугу чың туруп белгисиз оорулар менен ооруп, бул дүйнө менен кош айтышып жатат.

“Алтын кенин иштетүү алдында бизге экологиялык жактан эч кандай көйгөй болбойт деп ишендиришкен. Ар 3 ай сайын экспертиза жүргүзүп турабыз деп айтышкан. Азыр эми бул жакта иштеген жаш балдардын баары өлүп жатат”, -дейт айылдын тургуну Кадыржан Шопанов. 

Дагы бир айылдын тургуну Тилек Есжановдун агасы да каза тапкан. Ал алтын кенин казууга жумушка кире электе ден соолугу чың, эч кандай көйгөй жок болчу. Тилек өзү да бир убакта иштеп калган. Бирок, ал жакта иштеп баштагандан баштап кан басымы пайда болуп, жумуштан чыгууга аргасыз болгон. 

Райондук акимиат алтын кенин казууда радиация нормадан ашпагандыгын айткан. Ошондой эле алар Булак айылында өлүмдөрдүн көрсөткүчү абдан жогору, бирок, бул табигый көрүнүш деп кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости